Ошто Нооруз өзгөчө шаң менен белгиленүүдө – сүрөт

21.03.2023 | 14:40

Ош шаарында Нооруз майрамы салтанаттуу белгиленип жатат. Иш-чаралар эртең менен сүмөлөк жасоо фестивалы менен башталып, андан соң борбордук аянтта “Нооруз – 2023″ деп аталган салтанат тартууланды.

Мэриядан билдиришкендей, иш-чарага Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев, мэр Бакытбек Жетигенов, шаардык кеңештин төрагасы Салман Назылбеков, мекеме-ишканалардын жетекчилери, шаардык кеңештин депутаттары, калаа тургундары жана коноктор катышты.

[image_carousel source=”media: 182422,182423,182424,182425,182426,182427,182428,182429,182430,182431,182432,182433″ limit=”20″ slides_style=”default” controls_style=”dark” crop=”none” columns=”1″ adaptive=”yes” spacing=”yes” align=”none” max_width=”none” captions=”no” arrows=”yes” dots=”yes” link=”none” target=”blank” autoplay=”4″ speed=”medium” image_size=”large” outline=”yes” random=”yes”]

Бакыт Төрөбаев майрамга келгендерди Нооруз менен куттуктап, жалпы журтка токчулук, тынчтык каалады.

Иш-чара чоң концерттик программа менен коштолуп, театралдаштырылган оюн-зоок тартууланды.

Ошондой эле, аянтта кол өнөрчүлөрдүн көргөзмөсү болуп, спорттук мелдештер уюштурулду.

Белгилей кетсек, маданий иш-чара кечки саат 19:00дө Алымбек Датка эс алуу багында улантылат.

Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз
Scroll to Top