Ошто окуучуларды акысыз ташыган автобустар каттай баштады

Ошто окуучуларды акысыз ташыган автобустар каттай баштады

Бүгүн, 4-октябрдан тарта Ош шаарында окуучуларды акысыз ташыган автобустар каттай баштады. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Бул демилге мэр Бакытбек Жетигеновдун тапшырмасынын негизинде ишке ашырылды.

Автобустар окуучуларды күнүнө үч жолу — эртең менен, түшкүсүн жана кечкисин акысыз каттайт.

Автобустардын каттамы (ар бир багыт боюнча экиден унаа каттайт):

№1 автобустук каттам ➨ Н.Исанов көчөсүндөгү троллейбустун акыркы аялдамасы – А.Шакиров – А.Масалиев көчөлөрү аркылуу түз – И.Раззаков – У.Салиева (облустук оорукананын жолу менен) түз – С.Касымбеков көчөсүнө чыгып кайра У.Салиева көчөсү аркылуу келген жолу менен артка кайтат.

№2 автобустук каттам ➨ Тээке айылы (Ош-Араван автоунаа жолу) — Кеңеш айылы борбору – Көкүмбий (Барсбек айланпа) – Б.Осмонов – Р.Абдыкадыров (Черемушки) – Ш.Руставелли – Г.Айтиев – Курманжан датка – Джиннах (Ныязалы атындагы музыкалык окуу жайы) – В.Ленин көчөлөрүнөн жүрүп Төлөйкөн айылындагы Г.Айтиев мектебинен кайтат (ипподром).

№3 автобустук каттам ➨ ДЭУ-21 — А.Мамыров көчөсү (Волчья яма) – Ак-Тилек кичи району — Б.Осмонов – Р.Абдыкадыров (Черемушки) – Ш.Руставелли – Г.Айтиев – Курманжан датка – Джиннах (Ныязалы атындагы музыкалык окуу жайга чейин).

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>