Ошто камактагы жаран жанын кыюуга аракет кылды. Окуянын чоо-жайы

Ошто камактагы жаран жанын кыюуга аракет кылды. Окуянын чоо-жайы

Ош шаарындагы №5 тергөө абагында камакта отурган жаран жанын кыюуга аракет кылды. Бул тууралуу Жазаларда аткаруу кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, жанын кыюуга аракет кылган адам — 38 жаштагы К.У.Ж. аттуу жаран. Ал былтыр 10-декабрда Кылмыш-жаза кодексинин 165-беренеси боюнча айыпталып камакка алынган.

Камакка алынгандан кийин ал 13-декабрда тергөө абагынын администрациясына кат менен кайрылып, ачкачылык кармай турганын билдирген. Анын айтымында, аны укук коргоо органдары кармап жатканда күч колдонгону жана ага коюлган айыптын негизсиз болгонуна байланыштуу ачкачылык кармоону чечкен.

«Акыркы убакытка чейин ал бир нече жолу тамак ичүүгө макул болуп, кайра баш тартып жаткан. 17-февралдагы катында Ош шаарынын сот органдарына ишенбегени үчүн ачкачылык кармап жатканын билдирген», — деп айтылат маалыматта.

2-мартта болжол менен саат 23:00до ал асынууга аракет кылган. Бирок нөөмөттө турган кызматкерлер аны көрүп, куткарып калган. Тез жардам чакырылып, ага медициналык жардам көрсөтүлгөн.

Учурда аталган жаран ачкачылык кармап, суу, чай, суусундук гана ичүүдө.

«Тамак ичүүдөн баш тарткан учурлары боюнча акт түзүлүп, медицина кызматкерлери анын кан басымын жана ден соолугун текшерип турууда», – деп айтылат маалыматта.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>