Ошто уруштун айынан 16 жаштагы студент каза болду. Милиция эмне дейт?

Ошто уруштун айынан 16 жаштагы студент каза болду. Милиция эмне дейт?

Ош облусунун Өзгөн районунда уруштун айынан 16 жаштагы студент каза болду. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка караганда, 20-декабрь күнү болжол менен саат 21:30да Өзгөн райондук милициясына Куршаб аймактык ооруканасынан Кызыл-Октябрь айыл аймагындагы №62 кесиптик лицейдин окуучусу 16 жаштагы Э.К. каза болгондугу тууралуу маалымат түшкөн.

Аталган маалымат кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, ыкчам-тергөө тобу окуя жерине чыгышкан.

Ыкчам-тергөө тобу аныктагандай, 20-декабрь күнү болжол менен саат 20:30да №62 кесиптик лицейдин студенттери пикир келишпестиктен улам уруша кетишкен. Күбөөлөрдүн берген көрсөтмөсү боюнча, 3-курстун 17 жаштагы М. А. уулу аттуу студенти 16 жаштагы Э.К аттуу жаранды муштуму менен көкүрөк жагына уруп жиберип, ал эс-учун жоготуп окуя болгон жерде көз жумган.

«Маркумдун денесине сырттан кароо жүргүзүлүп, анын өлүмүнүн себебин аныктоо максатында соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Бул кылмышка шектүү убактылуу кармоочу жайга камакка алынды», — деп айтылат маалыматта.

Учурда териштирүү иштери жүрүүдө.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Тэги: Милиция Ош

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>