24-октябрь: өлкөнүн айрым аймактарында жаан жана кар жаашы күтүлөтНарында биринчи жолу кан тамырларды изилдеген ангиограф аппараты ишке киретКРда iDyikan ишке кирет: тиркеме тууралуу министр айтып бердиОшто үйлөрү бузулган үй-бүлөлөргө «Эне-Сай» конушунан турак жайлар берилдиТаш-Көмүр жана Кара-Көлдүн тургундары президентке көйгөйлөрүн айтып бериштиМисирдин Кыргызстандагы жаңы элчиси болуп Самех Фарук Мохамед Шехата дайындалды
Айпери Медет кызы Азия чемпионатында жеңишке жетти
24.06.2022 | 13:19
Айпери Медет кызы 23 жашка чейинки кыз-келиндер арасындагы күрөш боюнча Азия чемпионатында жеңишке жетишти.
Бишкекте өткөн мелдеште Айпери Медет кызы 76 кг салмакта алгач монголиялык Сарнай Баярбаатар менен килем үстүнө чыкты. Кыргыз кызы биринчи бөлүктө монголиялык спортчунун белине өтүп, алгачкы упайды топтоду. Экинчи бөлүктө балбандар ири упай ала алган жок, эсеп 3:1 болуп, Айпери жеңишти камсыздады.
Экинчи атаандашы индиялык Бипаша аттуу спортчу болду. Айпери аны 10:0 эсебинде мөөнөтүнөн мурда утуп алды. Үчүнчү кармашта өзбекстандык Озода Зарипбоева каршы чыгып, үч-төрт оодарып жеңишти илип кетти.
Медет кызы алдыда казакстандык Инкара Жанатаева менен күрөшөт.
Рубрики: Жаңылыктар, Спорт