Оштогу абакта жасалма акча жасаган жаран аныкталды

Оштогу абакта жасалма акча жасаган жаран аныкталды

ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкармалыгынын кызматкерлери түзөтүү мекемелеринин биринде жазасын өтөп жаткан жарандын жасалма акча жана баалуу кагаздарды жасоо менен алектенгендигин аныкташты.

ИИМдин маалыматына караганда, аталган факты боюнча Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 233-беренеси менен (акчаны жана баалуу кагаздарды жасалмалоо) кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүүдө.

Козголгон кылмыш ишинин алкагында БМЖКККнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкармалыгынын 3-бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаранын негизинде 2022-жылдын 25-октябрында кечки саат жетилер чамасында Ош шаарынын Сайгон көчөсүнөн  А.З. аттуу жаран 4800 доллар өлчөмүндө жасалма акча менен кармалган.

Кармалган жаран “акчанын жасалма экендигин билген эмесмин, мага ушул даректен акча алып кетүүгө келгенмин, кызмат акымды төлөп беришмек”, деп билдирген.

Тергөө иштеринин жүрүшүндө аталган кылмышка түздөн-түз тиешеси бар, каркчылык менен соттолуп абакта олтурган Т.Д. аттуу жарандын тиешеси бар экендиги аныкталды.

Учурда козголгон кылмыш ишинин алкагында ИИМдин бангизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкармалыгынын кызматкерлери түзөтүү мекемелеринин  кызматкерлери  менен биргеликте бул кылмышка тиешеси бар дагы башка адамдарды аныктоо боюнча ыкчам иш-чараларды улантууда.

Экспертизанын жыйынтыгында 4 миң 800 доллар каражат жасалма экени аныкталган. Учурда тергөө иш-чаралары жүрүп жатат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>