Оштогу батирден 146 миң сом, үч iPhone уурдаган шектүү кармалды

Оштогу батирден 146 миң сом, үч iPhone уурдаган шектүү кармалды

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын Ак-Буура милиция бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан Ош шаарында батирлерге уурулук жасап жүргөнгө шектүү жаран Ноокат районунан кармалды.

Шаардык милициядан билдиришкендей, Ош шаарында көп кабаттуу үйлөрдүн батирине кирип, уурулук жасап жүргөн жаранды милиционерлер Ноокатта талаада мал кайтарып жүргөн жеринде кармашты.

Ал Ноокат районунун тургуну, 2002-жылы туулган А.А. болуп чыкты. Шектүү тарабынан Ош шаарынын Өзгөн, Петров, Раимбеков, Салиева көчөлөрүндөгү көп кабаттуу үйлөрдүн батирлерине кирип, уурулук жасагандыгы аныкталган.

Учурда төрт факт менен кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүрүп жатат. Эӊ көп олжого Ош шаарынын Өзгөн көчөсүндөгү №22 үйгө уурулукка киргенде ээ болгон. Ал үйдөн 146 миӊ сом акча, «Айфон» үлгүсүндөгү 3 даана телефон уурдап кеткен.

Шектүү көп кабаттуу үйлөрдүн батирлерине келип, ачык калган эшиктерге кирип, көзгө көрүнгөн баалуу буюмдарды уурдап алып кетип жүргөн.

Учурда уурулук беренеси менен кылмыш иши козголуп, тергөө иштери уланууда. Айрым уурдап, сатып үлгүрбөй калган 7 телефон алынды.

Шектүү 2002-жылы А.А. тарабынан берген алгачкы көрсөтмөсүнө караганда, шектүү Ош шаарына келип, уурулук жасаган соӊ, уурдалган буюмдарды, телефондорду Кызыл-Кыя шаарына алып барып сатып жүргөн. Мурда бир ирет соттолуп чыккан.

Ак-Буура милиция бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан Ноокат районунун аймагында, мал кайтарып жүргөн учурда кармалды. Жанында 6 огу менен мыйзамсыз сакталган сайсыз курал алып жүргөн.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>