Видео: Оштун мэри Жетигенов Акжол Махмудовго 250 миң сом тапшырды

Видео: Оштун мэри Жетигенов Акжол Махмудовго 250 миң сом тапшырды

Бүгүн, 27-февралда Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов грек-рим күрөшү боюнча Азия жана дүйнө чемпиону Акжол Махмудов менен анын машыктыруучусу Мейрамбек Ахметов менен жолугушту. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушууда калаа башчы балбандын жана машыктыруучусунун өлкөнүн, анын ичинде Ош шаарынын спортун өнүктүрүүгө кошкон салымын белгилеген. Ошондой эле, ал грек-рим күрөшү боюнча дүйнөлүк рейтингде 77 килограммга чейинки салмакта 1-орунду ээлегени үчүн Акжол Махмудовго 250 миң сом жана машыктыруучусуна 50 000 сом тапшырган.

Акжол Махмудов Олимпиада жана Азия оюндарынын күмүш медалынын ээси, дүйнөнүн бир жана Азиянын эки жолку чемпиону, бир катар ири эл аралык мелдештердин жеңүүчүсү жана байге ээси болуп саналат.

Акжол Махмудов «Ош облусунун ардактуу атуулу» болду

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>