Окуучулар арасында электрондук чылым чегүү мода болууда, — мэрия

Окуучулар арасында электрондук чылым чегүү мода болууда, — мэрия

Бишкек шаарында мектеп окуучулары арасында электрондук тамеки чегүү модага айланды. Бул тууралуу Октябрь районунун Балдар иштери боюнча комиссиясынын отурумунда айтылганын мэриядан билдиришти.

Маалыматка караганда, отурумда мектепте окуучулардын электрондук тамеки колдонуу фактыларын аныктоо боюнча Октябрь РИИБдин жашы жете элек өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын 3 материалы каралды. Анда өспүрүмдөр модага берилип, электрондук тамекилердин зыянсыздыгы тууралуу кандай ойдо экендигин түшүндүрүшкөн.

“Жарнама берүүчүлөрдүн аркасы менен көпчүлүк өспүрүмдөр кадимки тамекилерге караганда Iqos, вейп жана башка тамеки чегүү аралашмалары ден соолукка зыяны жок, атүгүл өспүрүмдөр да чеге алышат деген ойдо болушат”, — деп айтылат маалыматта.

Окуучуларга жана алардын ата-энелерине саламаттыкты сактоо кызматкерлери жана психолог тарабынан электрондук тамекилердин жана башка чылым чегүү аралашмаларынын зыяндуулугу тууралуу түшүндүрмөлөр берилди.

“Электрондук тамекилер кадимки тамекилерге караганда коркунучтуу экенин унутпаңыз жана анын курамында кадимки тамекиге караганда 2 эсе көп никотин бар”, — деп эскертет мэрия.

Белгилей кетсек, отурумда 17 материал каралып, жыйынтыгы боюнча үй-бүлөнү жана балдарды колдоо бөлүмүнүн адистери тарабынан 4 үй-бүлө каттоого алынып, баланы коргоо боюнча жеке иштердин пландары бекитилип, 2 маселе боюнча мүлктү сатууга уруксат берүү каралган.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>