Өткөн жылы 14 миңдей адам жеке ассистент катары айлык алышкан

Өткөн жылы 14 миңдей адам жеке ассистент катары айлык алышкан

2023-жылдын жыйынтыгы менен республикада 13 миң 987 адам жеке ассистент катары эмгек акы алышкан. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, алар 14 миң 287 чоң кишилерге жана майып балдарга кызмат көрсөтүшөт.

«Мыйзамдарга ылайык, ата-энеси, мыйзамдуу өкүлү (асырап алуучулар, көзөмөлчүлөр, камкорчулар), жакын туугандары (чоң ата, чоң эне, бир тууган жана бир тууган ага-инилер, багып алуучу ата-эне) же 65 жаштан ашпаган, майыптыгы жана балдарга карата кылмыштары боюнча соттуулугу жок жана тиешелүү окуудан өткөн башка адамдар жеке ассистент боло алышат. Мында окутуу республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен жүзөгө ашырылат. Интернатта жашабаган майыптыгы бар балдар жеке ассистент болуу укугуна ээ», — деп айтылат маалыматта.

Белгиленгендей, жеке ассистент болуу үчүн жашаган жери боюнча райондук/шаардык жана райондор аралык эмгек, социалдык камсыздоо жага миграция башкармалыгына арыз берүү зарыл.

Министрлик 2022-жылдын 1-июнунан тартып жеке ассистенттин кызматын майыптыгы бар балдар гана эмес, бала кезинен 1-топтогу майыпыгы бар адамдар да (18 жаштан жогору) ала аларын билдирет.

Жеке ассистенттердин акы төлөмү 6 268 сомду түзөт.

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>