Өзбекстан Ооганстанга электр энергияны кайра бере баштады

Өзбекстан Ооганстанга электр энергияны кайра бере баштады

Өзбекстан Ооганстанга электр энергияны кайра бере баштады. Бул тууралуу ооган энергетикалык компаниясынын Кабул провинциясындагы филиалынын жетекчиси Хикматулла Ахунзаде TOLOnews телеканалы билдиргенин Фергана жазды.

Маалыматка караганда, Ахунзаде оогандар убада кылынган 250 МВттын ордуна 100 МВт гана алып жатканын, анын 90у Кабулга кетип жатканын белгиледи.

Өз кезегинде Ооганстандын Өнөр жай жана тоо-кен өнөр жай палатасынын жетекчисинин орун басары Сахи-Ахмад Пайман Кабулга өзбекстандык электр энергиясы берилбей калган күндөрү баш калаанын индустриалдык парктарында жайгашкан ишканалардын 90%ы ишин токтотконун билдирди.

Январдын ортосунда Өзбекстандан Ооганстанга электр энергиясы токтоп калган. “Өзбекстандын улуттук электр тармактары” мамлекеттик ишканасынан билдиришкендей, абанын температурасынын кескин төмөндөшүнөн улам ТЭЦке отун берүүдөгү көйгөйлөрдөн улам электр жарыгын берүү токтотулган.

Оогнстанга электр энергиясын негизги жеткирүүчүлөр Өзбекстан, Түркмөнстан, Тажикстан жана Иран болуп саналат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>