Бишкек мэриясы: Валиханов көчөсүндөгү көпүрө жыл аягына чейин курулуп бүткөрүлөтБишкектин бир катар райондорунда 29–30-октябрда газ берүү токтотулатБишкектеги Тула көчөсүнүн тургундары жол иштерине нааразы болушту — бийликтин жообу28-октябрь: өлкөнүн көпчүлүк аймактарында жаан жаайтБишкекте мыйзамсыз тургузулган 77 курулуш алындыБаткенде күч органдары жана медкызматкерлер катышкан антитеррордук машыгуу өттү
Өзбекстанда абактагыларга интернет колдонууга уруксат берилет
31.10.2022 | 18:38
Өзбекстанда жаза аткаруу мекемелериндеги соттолгондорго электрондук мамлекеттик кызматтардан жана нотариус кызматынан пайдалануу үчүн атайын өзүнчө жайлар бөлүнүп берилет. Өлкөнүн Ички иштер министрлиги даярдаган тиешелүү сунуш коомдук талкууга чыгарылды.
Атайын жайларда веб-камера орнотулуп, компьютердик жабдуулар Интернетке кошулуу болот.
Документ Башкы прокуратура, Саламаттык сактоо министрлиги, Эмгек министрлиги жана Өзбекстандын Жогорку соту менен макулдашылат.
Долбоордун авторлорунун маалыматына караганда, демилгени ишке ашырууга кеткен чыгымдарды Ички иштер министрлигинин алдындагы Жаза аткаруу департаментинин Борбордук фонду көтөрөт.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз