Жапаров Абу-Дабиде баатырларга арналган комплекске барды

Жапаров Абу-Дабиде баатырларга арналган комплекске барды

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 31-октябрда Абу-Дабидеги Бириккен Араб Эмираттарынын (БАЭ) баатырларына арналган Wahat Al Karama («Ар-намыс оазиси») комплексине барды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Президент каз катар тизилген Ардак кароол аркылуу өтүп, мемориалга гүлчамбар коюп, БАЭнин өз өлкөсү үчүн курман болгон жоокерлеринин, укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин, дипломаттары менен жарандык кызматкерлеринин элестерине таазим кылды.

Садыр Жапаров комплексти көрүп чыгып, Ардактуу меймандар китепчесине каалоо-тилектерин жазып калтырды.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>