Өзбекстанда электр менен камсыздоо 70% калыбына келтирилди

Өзбекстанда электр менен камсыздоо 70% калыбына келтирилди

Өзбекстанда 26-январь 09:30га карата электр энергиясы 70% калыбына келтирилди. Бул тууралуу Энергетика министрлигинин маалымат катчысы Эльмира Бекмурадова билдирди.

Шейшембиде Энергетика министрлигинин өкүлү энергетика системасындагы авариядан улам газ өндүрүү азайып кеткенин кабарлаган.

Бекмурадова өндүрүлүп жаткан жаратылыш газы жылуулук электр станцияларына, социалдык объектилерге жана калкка багытталарын айтты.

“Буга байланыштуу бүгүндөн тарта автоунааларга газ толтуруучу компрессордук станциялардын ишине чектөө киргизилет”, — деп кошумчалады ал.

Белгилей кетсек, кечээ, 25-январда Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан өлкөлөрүндө электр энергиясы жапырт өчкөн. Авария Казакстандан чыкканы айтылган. Эми үч өлкө аралык түзүлгөн комиссия авариянын келип чыгуу себептерин аныкташат.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>