Өзбекстанда кримчөйрө менен күрөш башталдыбы? Салимбай Абдувалиев кармалды

Өзбекстанда кримчөйрө менен күрөш башталдыбы? Салимбай Абдувалиев кармалды

Өзбекстанда акыркы үч күндө бир нече кишилер кармалып, алардын криминалдык чөйрө менен байланышы бар экени кабарланды.

Өзбек медиасынын маалыматында, укук коргоо органдарынын уюшкан кылмыштуулукка каршы профилактикалык акциясы 31-декабрга чейин уланат. Жалпысынан 37 адам кармалды.

Алардын катарында  “Салимбай байбача” деген каймана аты менен белгилүү Салимбай Абдувалиев дагы бар.

Азырынча анын кармалышынын себеби айтыла элек. Маалыматка караганда, укук коргоо органдары Абдувалиевди 1-декабрь күнү өз үйүнөн алып кеткен.

Белгилей кетсек, “Салимбай байбача” Кыргызстанда дагы таанымал. Айрыкча анын өзбек диаспорасына таасири күчтүү экендиги айтылып келет. Өлкөнүн айрым саясатчыларынын Салимбай Абдувалиевдин үйүндө түшкөн сүрөттөрү жарыяланган.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>