Өзбекстанда медайым кесиптештерин чайнек менен сабап салды

Өзбекстанда медайым кесиптештерин чайнек менен сабап салды

Самарканд облусунда үй-бүлөлүк чырдан улам оорукананын медицина кызматкерлеринин ортосунда мушташ чыкты. Бул туурасында Gazeta.uz сайтына маалымат жарык көрдү.

Андагы маалыматка караганда, жабырлануучулардын экөөсүнүн баш мээси чайкалып, башка жаракаттарды алышкан.

Окуя 2-февраль күнү саат 15:30дар чамасында болгон. Үй-бүлөлүк чырдан улам медайымдардын ортосунда чыр чыгып, ал мушташка чейин жеткен.

Мушташтын катышуучуларынын бири үстөлдүн үстүндө турган чайнекти алып, аны менен атаандаштарын сабап салган.

Натыйжада медайым менен анын кенже фельдшер болуп иштеген апасы оор жаракаттарды алышкан. Медайымдын мурунун сөөктөрү сынган, мурундун үстүнкү бөлүгү көгөрүп, тилинген баш мээси жабыркаган. Апасынын мурунунун үстүнкү бөлүгүндө, сол жаак сөөктөрүндө, сол көзүнүн ички бурчунан көгөргөн жана тилинген жарааттар жана мээси чайкалган деген диагноз коюлган.

Жабыркагандар ооруканага жеткирилген. 11-февралда абалы канааттандырарлык болгондуктан үйлөрүнө чыгарылган.

Кесиптештерин сабаган медицина кызматкерине карата Кылмыш-жаза кодексинин 109-беренесинин 2-бөлүгүнүн “Ден соолукка атайылап залал келтирүү” беренеси менен кылмыш иши козголду.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>