Министр Ажикеев дагы Түркияга зилзала болгон аймакка кетти

Министр Ажикеев дагы Түркияга зилзала болгон аймакка кетти

Түркиянын жер титирөө болгон аймагына Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев баш болгон 35 адам, анын ичинде 3 дарыгер, 3 боз үй тигүүчү, куткаруучулар учуп кетишти. Бул тууралуу аталган министрликтен билдирди.

Маалыматка караганда, 49 боз үй, мобилдүү кийиз үй жана медикамент түрүндө гуманитардык жүк, бүгүн, 13-февралда жөнөтүлдү.

Эске салсак, буга чейин Кыргызстандан Түркияга жер титирөөнүн эртеси күнү, 7-февралда 67 куткаруучу жана издөө иштерине үйрөтүлгөн 2 ит жөнөтүлгөн.

Ал эми кечээ күнү 80 куткаруучу, издөө-куткаруу иштерине үйрөтүлгөн ит жана 78 боз үй жөнөтүлгөн.

Түркиядагы зилзалдан кыргызтандык аял каза болду.

Зилзаланын очогу болгон Кахраманмараш шаарындагы жер титирөөдө каза болгондордун саны 31 миңден ашты.

Президент Режеп Тайып Эрдоган жаратылыш кырсыгынан каза болгондор үчүн Түркияда жети күндүк улуттук аза күтүү жарыяланып, мамлекеттик желектер жерге түшүрүлгөн.

Жер силкинүү Сирия, Ливан, Түндүк Кипр, Грек Кипр жана Ирак сыяктуу коңшу өлкөлөрдө да сезилди.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>