Өзбекстанда насыя алып, качып жүргөн жаран Оштон кармалды

Өзбекстанда насыя алып, качып жүргөн жаран Оштон кармалды

Мекенинде бир жарым миллион доллардан көп насыя алып, кайтарбастан качып жүргөн өзбекстандык жаран Ош шаарынан кармалды. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Ош ШИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн издөө тобу тарабынан Өзбекстандын 1977-жылы туулган, К.О. аттуу жараны кармалган. Ал коӊшу Өзбекстан тарабынан изделип жаткан.

Мамлекеттер аралык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча келишимдерге ылайык, ал Кыргызстандын Ош шаарынан кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Алынган маалыматтарга караганда кармалган жаран  2021-жылдын июнь айында  Өзбекстандагы банктардын биринен  1 641 925 (бир миллион алты жүз кырк бир миң тогуз жүз жыйырма беш) АКШ долларын кредитке алып, аталган акчаларды төлөбөй, өзүнүн кылмыш шериктеши менен биргеликте, өздөрүнөн кызыкчылыгына иштетип жиберишип, акчаны кайтарбастан изин жашырып кеткен.

Бул факты боюнча Өзбекстандын Жазык кодексинин 167-беренесинин 3-бөлүмүнүн жана 189-беренесинин 1-бөлүмүндө каралган кылмыштын белгилери менен кылмыш иши козголуп, шектүүгө карата издөө жарыяланып, бөгөт коюу чарасы катары камакка алуу түрү тандалган.

2022-жылдын 23-сентябрь күнү КМШ өлкөлөрүнүн аймагында жүргүзүлүп жаткан “Издөө”  операциясынын алкагында жүргүзүлүп жаткан иш-аракеттеринин учурунда 1977-жылы туулган, К.О. Ош шаарынын аймагында кармалып, Ош ШИИБдин убактылуу кармоочу киргизилген. Учурда коӊшу мамлекет менен мамлекет аралык келишимдердин талабына ылайык, К.О.ну  мекенине өткөрүп берүү боюнча иштер аткарылып жатат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>