Боом капчыгайында таш түшүрүлүп, жол маал-маалы менен жарым-жартылай жабылат«Аферист жана кайырчы»: Жапаров Аблязовдун айыптоолоруна кескин жооп кайтардыКорей депутаты Кыргызстанды Борбор Азия рыногуна чыгуудагы маанилүү өнөктөш катары атадыКыргызстанда соттолгондорго кайрадан ырайым берүүгө уруксат берүү каралууда — жаңы эрежелерБишкекте Ак илбирс күнүнө карата интерактивдүү AR-квест өтөтФранция жалында: социалдык нааразылыктар кантип массалык башаламандыкка айланды
Өзбекстанга 400 миң сомдук мал айдап бараткандар кармалды
05.06.2023 | 09:22
Кыргызстандан Өзбекстанга мал-жандыктарды мыйзамсыз айдап өтүүгө аракет кылган Кыргызстандын төрт жараны кармалды. Бул тууралуу Чек ара кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, Ала-Бука чек ара отрядынын чек арачылары 5 баш мал-жандыкты Кыргызстандан Өзбекстанга мыйзамсыз айдап өтүүгө аракет кылган 1974-жылы туулган А.у.Д., 2004-жылы туулган А.у.Н., 2004-жылы туулган А.Б. жана 2007-жылы туулган А.Н., аттуу жарандарды кармашкан.
Белгилей кетсек, жарандардын бири малдын тоскоолдуксуз өтүүсү үчүн чек ара тилкесиндеги тикенек зымдарды кесип салган. Алдын ала маалыматтар боюнча, кармалган малдын баасы 400 миң сомдон ашкан.
Тиешелүү документтер түзүлгөндөн кийин кармалган жарандар жана мал-жандыктар ИИМдин аймактык бөлүмүнө өткөрүлүп берилди.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом