Садыр Жапаровдун Владимир Путин менен сүйлөшүүсүнүн натыйжасында Өзгөчө кырдаалдар министрлигине Ми-8 МТВ үлгүсүндөгү тик учак алынды. Бул тууралуу президенттин администрациясы маалымдады.
Маалыматка караганда, тик учак жабдуулары менен кошо алынды.
«Лебедка, кислороддук аппарат, медициналык модуль, өрт өчүрүчүү шайманы (водосливное устройство), жүргүнчү отургучтары, 2 жамбашында кошумча май бактары, жаңыртылган күчтүрөөк кыймылдаткыч коюлган. Тик учак Бишкекке келип конду», — дейт ал.