Өзгөндө айыл тургундары муктаж үй-бүлөгө үй куруп беришти

Өзгөндө айыл тургундары муктаж үй-бүлөгө үй куруп беришти

Ош облусунун Өзгөн районуна караштуу Жылалды айыл өкмөтүндөгү Красный Маяк айылынын тургундары айылдагы муктаж үй-бүлөгө заманбап, бардык шарттары бар үй тургузуп беришти.

Муфтияттан билдиришкендей, мындай демилгени аталган айылдын имамы Уларбек кары Самиев көтөрүп, элди кайрымдуулукка чакырган.

Имамдын мындай иш аракетин колдоп, Өзгөн районунун имамы Акжол ажы Бакиров райондук хатибятынын ыраазычылык баракчасын тапшырууда: «Бул имамыбыз жакшылыкта, сооптуу иштерде жана кайрымдуулукта ар дайым көпчүлүктөн озуп жүргөн жигит. Элдин тилин билип, алардын көңүлүн таап, ушундай улуу, сооптуу иштерге үндөө баарынын эле колунан келе бербейт. Бул чоң эрдик жана жетишкендик», – деп билдирди.

Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>