Бишкекте «Келечек» реабилитациялык борбору ачылды

Бишкекте «Келечек» реабилитациялык борбору ачылды

Бүгүн, 29-декабрда Бишкек шаарында «Келечек» балдардын реабилитациялык борборунун ачылыш аземи болду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Аталган борбордун ачылышына президент Садыр Жапаров катышкан. Президент билдиргендей, учурда Кыргызстанда 200 миңден ашуун мүмкүнчүлүгү чектелген жаран бар. Анын ичинде 36 миңдейи – балдар.

«Майыптуулугу бар балдар сапаттуу билимге, саламаттыгын сактоого, социалдык жактан камсыздоого, эс алууга, спортко муктаж болушат. Ошондуктан өзгөчө балдарыбыздын ден соолугунун оңолушу жана торолушу үчүн шарттарды түзүүбүз керек. Бүгүнкү ачылып жаткан реабилитациялык борбор кичинекей бейтаптардын физикалык жана психологиялык ден соолугун калыбына келтирүүгө багытталган.

Урматтуу мекендештер, көйгөйлөр бир четинен чечиле баштады, бул сыяктуу иш-аракеттер, албетте, улантылат.  Көйгөйлөр муну менен чечилип калды, дегенден алыспыз. Мындан башка реабилитациялык борборлорду дагы салабыз, буйруса», — деген ал.

Президент майыптуулугу бар балдардын арасында өнөрлүү, эрки күчтүү балдар арбын экенин белгилеген.

«Эң башкысы, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды колдоо маселесинде ар бирибиздин жан дүйнөбүз өзгөрүшү керек. Майыптуулугу бар балдардын арасында өнөрлүү, эрки күчтүү балдар арбын. Биз алардын ден соолугуна кам көрүү аркылуу мындай балдардын өзгөчө өнөрү менен талантын колдошубуз зарыл», — деген ал.

Маалым болгондой, 3 кабаттуу борбордун имараты 88 орунга ылайыкталган, балдарды гана эмес, алардын ата-энелерин да кабыл ала алат. Долбоор боюнча имараттын аянты 1 миң 756, курулуш аянты 508 чарчы метрди түзөт. Реабилитациялык борбордун имараты шаардык электр жана суу менен камсыздалган(муздак жана ысык суу), канализация жана жылуулук тармактарына кошулган.

Эскерте кетсек, аталган борбор Курманбек Бакиевге таандык үйдүн ордуна салынды. Бишкектин Жибек-Жолу көчөсүндөгү мурдагы президент Курманбек Бакиевдин үйү 2010-жылы өрттөнгөн. 2010-жылдан кийин ал жерде майыптыгы бар адамдар баш калкалап келген.

Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>