УКМК пара алууга шектеп судьяны кармаган. Ага сот өкүм чыгарды

УКМК пара алууга шектеп судьяны кармаган. Ага сот өкүм чыгарды

Бишкектин Свердлов райондук сотунун мурдагы судьясы Акылбек Адимовго өкүм чыкты. Бул тууралуу Reporter.kg’ге Бишкектин Биринчи май райондук сотунан билдиришти.

Белгилүү болгондой, Адимовго өкүм быйыл 18-январда эле чыккан. Сот аны Кылшыш-жаза кодексинин 342-беренесинин 3-бөлүгүнүн 2-пункту (пара алуу) боюнча күнөөлүү деп таап, 2 млн сом айыппул салган.

Эскерте кетсек, 2023-жылы 27-сентябрда УКМК тарабынан Бишкек шаардык сотунун судьясы Назгүл Илиязова опузалап пара алууга шектелип колго түшүрүлгөн. Ал ата-энеси жок өспүрүм балага карата Свердлов райондук соттун пробация тууралуу өкүмүн күчүндө калтыруу үчүн опузалап пара алган деп кармалган.

УКМКдан билдиришкендей, териштирүү учурунда аталган иш алгач Свердлов райондук сотунда судья Акылбек Адимов тарабынан каралып, сот өспүрүмдү абактагы жазадан бошотуп, пробацияга чыгаруу үчүн пара алганы аныкталган. Ал параны жактоочунун (Ы.К.М.) ортомчулугу менен соттун катчысынын жана жардамчысынын көмөгү менен алган.

Жыйынтыгында шектүү катары кармалган сот Акылбек Адимов менен жактоочу Ы.К.М. 20-октябрда камакка алынган. Үч күндөн кийин Адимов үй камагына чыгарылган. Ага Акылбек Адимовдун күнөөсүн мойнуна алып, тиешелүү макулдашууга кол коюп бергени себеп болгон.

УКМК кармаган судья Адимов үй камагына чыгарылды

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>