Жогорку Кеңеш Башкы прокурордун отчетун кабыл алды

Жогорку Кеңеш Башкы прокурордун отчетун кабыл алды

Жогорку Кеңештин 12-апрелдеги жыйынында өткөн жылдагы өлкөдөгү мыйзамдуулуктун абалы жана аны чыңдоо боюнча прокуратура органдары тарабынан аткарылган иштер тууралуу Башкы прокурордун отчету каралды.

Талкууда депутат Миргүл Темирбаева Кыргызстан соттолгон жарандарды экстрадициялоо жаатында канча өлкө менен келишим түзгөнүнө кызыгып: “Россия менен түзүлгөн экстрадициялоо боюнча келишимдин алкагында канча жаран республикага кайтарылды?” – деп сурады.

Өз кезегинде Башкы прокурор Кытай, Иран, Түркия, Бириккен Араб Эмираттары, Түштүк Корея жана КМШнын бир катар өлкөлөрү менен андай келишимдер бар экенин маалымдап, 2022-жылы Кыргызстандын 33 жараны, 2023-жылы 15 жаран экстрадицияланып, дагы 25 жаран боюнча маселе каралып жатканын кошумчалады

Депутат Гуля Кожокулова Башкы прокурордун жеке көзөмөлүндө турган кылмыш иштери боюнча маселеге токтолуп: “Прокуратуранын 1000 кызматкери дисциплинардык жоопкерчиликке тартылды. Бул эмнени билдирет?”, — деди.

Ал эми Курманкул Зулушев Башкы прокуратуранын Тергөө башкармалыгында каралып жаткан бардык кылмыш иштери жеке көзөмөлүндө экенин айтып, кызматкерлердин жоопкерчиликке тартылышын коюлган талаптардын күчөтүлгөндүгүнө байланыштырды.

Андан тышкары, депутат Талайбек Масабиров “Красная гвоздика” балдар лагеринин иши боюнча маселени көтөрүп, Башкы прокурорду аталган жагдайга көңүл бурууга чакырды.

Депутат Гүлшаркан Култаева жер-укуктук мамилелер тармагындагы маселелерди, тактап айтканда, Таш-Көмүр шаары менен Аксы районунун ортосундагы 10 гектардын тегерегиндеги жер талаштары тууралуу сөз кылды.

Ошондой эле депутат Камила Талиева Башкы прокурордун калк менен аймактарда өткөргөн жолугушуусу жакшы тажрыйба экенин баса белгилеп, мындан ары дагы ушундай өнөктүктү улантууну сунуштады.

Депутат Надира Нарматова болсо Башкы прокуратура жарандардын ар бир кайрылуусун кароосуз калтырбай, кылдат карап чыгышы керектигин белгиледи.

Талкуунун жыйынтыгында Жогорку Кеңеш Башкы прокурорунун отчетун канааттандырарлык деп тапты.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>