Үч облустагы ишкер айымдар бизнес баштоо үчүн 2,8 млн сом алышты

Үч облустагы ишкер айымдар бизнес баштоо үчүн 2,8 млн сом алышты

Кыргызстандын үч облусунда ишкер айымдарга билим берүү жаатында бизнес баштоо үчүн 2,8 млн сом бөлүндү. Бул тууралуу АКШ элчилигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, гранттык каражатты Бишкек жана Ош шаарларында, Нарын жана Жалал-Абад облустарындагы 11 ишкер аял балдарды эрте өнүктүрүү борборлорун ачуу үчун алышат.

Бул акча бала бакчалар менен билим берүү борборлору үчүн эмеректерди жана окуу куралдарын алууга багытталат. Бул стартап-бизнестерди АКШнын Эл аралык өнүктүрүү агенттиги (USAID) жана Ага Хан Фонду колдоого алган.

Бул демилгенин алкагында 62 ишкер бала-бакча жана жаш балдарды окутуу борборлорун ачууга лицензия алуу жана ал бизнес-мекемелерди башкаруу боюнча практикалык окуудан өтүштү. Үч айлык окуудан кийин айымдар арасынан эң мыкты 11 бизнес-план гранттар менен сыйланды.

«Мен бала бакча ачайын дегем, бирок кантип ачарымды билбей жүргөм. Бул программага катышуу менин кыялымды ишке ашырууга мүмкүнчүлүк түздү”,- дейт Ноокат районунан келген катышуучу Айнура Савранбаева.

Программанын бүтүрүүчүлөрү бала бакчаларын жана билим борборлорун ачкандан кийин дагы колдоо ала беришет.

«Бул демилге кыргызстандыктардын жашоо сапатын жакшыртуу үчүн бир нече маанилүү багыттарды бириктирет. Балдардын билим алуу мүмкүнчүлүгү кеңейет. Жергиликтүү тургундар үчүн жумуш мүмкүнчүлүктөрү көбөйөт. Ал эми, ишкерлер билимге жана тиешелүү тажрыйба алышат”, — деп белгиледи Кайя Адамс, USAIDдин Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн башчысы.

Бул иш-чара «Жергиликтүү өзгөрүүлөр» долбоорунун бир бөлүгү болуп саналат. Долбоор жеке секторду жана жергиликтүү өнүгүүнү колдоо аркылуу инклюзивдик экономикалык өсүшкө салым кошот.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>