Парламент чуулгандуу мыйзам долбооруна добуш берүүнү жылдырды

Парламент чуулгандуу мыйзам долбооруна добуш берүүнү жылдырды

Бүгүн, 29-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында  депутаттар “Жеке жактардын активдерин ыктыярдуу легалдаштыруу жана мунапыс берүү жөнүндө” мыйзам долбооруна жана “жеке жактардын активдерин ыктыярдуу декларациялоо жана мунапыс берүү жөнүндө” мыйзам долбооруна добуш берүүнү кийинки жыйынга жылдырышты.

Жыйында эки депутат – Адахан Мадумаров жана Исхак Масалиев аталган добушка каршы пикирин билдирип, добуш берүү процессине катышкан жок.

Ал эми депутат Дастан Бекешев аталган мыйзам долбоор бир гана чиновниктер үчүн иштелип чыкканын айтып, анын элге эч кандай пайдасы жок экенин белгиледи.

Министрлер кабинетинин Жогорку Кеңештеги өкүлү Алмасбек Абытов эки депутаттын добуш бербегенине байланыштуу аталган мыйзам долбоорун күн тартибинен алууну сунуштады.

Жыйынтыгында парламенттин төрагасы аталган мыйзам долбооруна добуш берүүнү башка күнгө жылдырды.

«Жеке жактардын активдерин ыктыярдуу легалдаштыруу жана мунапыс жөнүндө» мыйзам долбоору кабыл алынса активдерин ачыктаган жарандар кылмыш жоопкерчилигинен бошотулат.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>