Акылбек Жапаров Ысык-Көлгө жаңыланган поездде саякаттады

Акылбек Жапаров Ысык-Көлгө жаңыланган поездде саякаттады

Министрлер Кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун, Президенттин Администрациясынын жана министрликтердин өкүлдөрүнүн катышуусунда бейрасмий көчмө жыйын өттү.

Өкмөттүн басма сөз кызматынын маалыматына караганда, алар 26-июнда «Бишкек 2 — Рыбачье» темир жол каттамына модернизацияланган вагонду ишке киргизүү процессинде жаңыланган вагондо акыркы аялдамага чейин барып, оңдоо иштеринин сапатын көзөмөлдөдү.

«Кыргыз темир жолу» Улуттук компаниясы» мамлекеттик ишканасы өз күчү менен вагонду модернизациялап, заманбап муздатуу системасы, панорамалык терезелер менен жабдып, аны орнотуу үчүн шыптарды, полдун аянтын бекемдөө, эшиктерин, санитардык түйүндөрдү орнотуу боюнча кошумча иштер жүргүзүлдү.

«Кыргыз темир жолу» УК» мамлекеттик ишканасынын күчү менен адамдык жана финансылык ресурстарды тартуу түрүндө инженердик иштеп чыгуулар, чийүү жана оңдоо иштери жүргүзүлдү.

«Бишкек – Рыбачье» жолу боюнча «поездде саякаттоо» шартында өткөн кеңешменин жүрүшүндө анын катышуучулары бир катар маселелерди, алардын катарында артыкчылыктуу саналган Кыргызстандын жол-транспорт системасын жакшыртуунун келечеги маселесин талкуулады.

«Өлкөнүн темир жол жана транспорттук темир жол парктарын модернизациялоонун кандай варианттары бар? Ишкананын өзүндө жетиштүү күчтөр жана ресурстар барбы? Болбосо, колдоону кайдан күтө алабыз?». Бул маселелер “Кыргыз темир жолу” ишканасында көтөрүлгөн көйгөйлөрдүн толук тизмеси эмес.

«Кыргыз темир жолу» УК» мамлекеттик ишканасынын башкы инженери Роман Спасский билдиргендей, темир жол паркы көп жылдар бою жаңыртылган эмес. Сериялык сатып алууларды ишке ашыруу кымбатка турат. Паркты масштабдуу жаңыртуу боюнча тутумдуу иштер совет мезгилинен бери жүргүзүлгөн эмес.

Бүгүнкү күндө «Бишкек – Рыбачье» багыты боюнча жүргөн бул вагондордо көпчүлүк, атүгүл ушул салондо отургандар дагы 80-жылдары мектепке барышчу. Алардын ыңгайсыз экенин, заманбап талаптарга жооп бербей тургандыгын баары түшүнөт. Мен полдун абалы жана кондиционерлердин жоктугун айтпай эле коеюн. Бул чоң көйгөй, аны биз өз алдыбызча чече баштадык жана эки айдын ичинде заманбап талаптарга жооп берген вагонду жеке күчүбүз аркылуу жасап чыктык», — деди Роман Спасский.

Ал белгилегендей, Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жаңыртылган транспортту көрүп чыгып гана тим болбостон, аны иш жүзүндө да сынап көрүп, «Рыбачье» пунктуна чейин жеткени абдан жакшы көрүнүш болду.

«Келечектеги пландарга токтолсок, Кыргыз темир жолуна жаңы жетекчиликтин, мамлекеттик деңгээлдеги жетекчиликтин келиши менен биз өзүбүз үчүн принципиалдуу чечим кабыл алдык жана темир жол паркын олуттуу түрдө жаңырта баштайбыз. Ал үчүн бизде оңдоочу цехтер да, чебер колдор да бар, эң негизгиси, адамдар ыңгайсыздыкты сезбеши үчүн жүргүнчүлөрүбүздүн кызыкчылы үчүн иштөөгө болгон каалообуз бар. Анткени, жайдын аптаптуу мезгилинде көптөгөн адамдар балдары менен эски жана тар вагондордо бир нече саат жол жүрүүгө аргасыз болушат, ал эми кышында сууктан жана шамалдан кыйналышат. Ал эми биздин өлкө жетекчилигинин максаты – биринчи кезекте капарапайым адамдардын кызыкчылыгы үчүн иштөө боюнча биздин максаттарга дал келет», — деди Роман Спасский жана Акылбек Жапаровго аталган маселеге көңүл бургандыгы жана көйгөйлөрдү талкуулоо максатында өзгөчө форматты тандагандыгы үчүн ыраазычылык билдирди.

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>