Бишкекте пенсионердин батирин саттырып, 60 миң долларын ээлеп алган шектүү кармалдыАлыскы Зардалы айылына заманбап үйлөр курулатКеминде мыйзамсыз курулуп жаткан завод аныкталып, айып пул салындыОш — Алай жолундагы сел унааны агызып кетип, 6 адам каза болдуКуршаб ооруканасы бир жылда кадр тартыштыгы маселесин чечип, 22 адисти ишке тарттыКыргызстандын банк секторунун активдери жыл башынан бери дээрлик 30%га өстү
Парламент казинолор боюнча мыйзамды жабык карап жатат
11.05.2022 | 16:30
Жогорку Кеңештин депутаттары кумарканаларды, оюн автоматтары бар залдарды жана лотереяларды ачуу тууралуу мыйзам долбоорун жабык карап жатат. Бул маселени жабык кароону президенттин парламенттеги өкүлү Алмасбек Абытов сунуштады.
Каралып жаткан мыйзам долбооруна ылайык, кумарканаларды юридикалык, анын ичинде чет өлкөлүк тараптар ача алат. Кыргызстандын жарандарына жана 21 жашка чыга элек чет өлкөлүктөргө кирүүгө тыюу салынат.
Максаты инвестицияларды тартуу, республикалык бюджеттин киреше бөлүгүн көбөйтүү үчүн шарт түзүү экени айтылат.
Буга чейин президент Садыр Жапаров колдоп чыккан болчу.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат