Парламентте китепкана кызматкерлеринин айлык акысын жогорулатуу сунушталды

Парламентте китепкана кызматкерлеринин айлык акысын жогорулатуу сунушталды

Өлкө аймагында иштеген 1069 китепкананын жалпы фонду 19 млн китептен турса, анын ичинде улуттук китепканалардын фонду – 6 млн китеп. Бул тууралуу бүгүн, 11-мартта Жогорку Кеңеш жыйынында «Китепкана иши жөнүндө» мыйзам долбоору каралып жаткан учурда маданият маалымат жана туризм министринин орун басары Нуржигит Кадырбеков билдирди.

Маданият министрлигинин маалыматына караганда, «Китепкана иши жөнүндө» мыйзамда Улуттук китепканасынын жетекчилеринин маяналары мамлекеттик кызматкерлердин жогорку категориядагы адисинин эмгек акысына, ал эми бөлүм башчыларынын эмгек акылары мамлекеттик кызматкерлердин I категориядагы адисинин эмгек акысына теңештирилет деп белгиленген.

Бирок, «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» мыйзам Улуттук китепкананын кызматкерлерине жайылтылбайт, анткени алар мамлекеттик кызматкерлер болуп эсептелбейт. Ошондон улам, «Китепкана иши жөнүндө» мыйзамынын 26-беренесинин 3-бөлүгүн күчүн жоготту деп табуу демилгеси сунушталууда”, — деди Кадырбеков.

Депутат Дастан Бекешев баштаган бир катар эл өкүлдөрү китепканалар жаатында көйгөйлөр көп экенин белгилеп, Улуттук китепкананын кызматкерлеринин эмгек акысы өтө төмөн экенин, аны көтөрүү зарылдыгын айтышты.

Баяндамачы китепканачылардын маянасын көбөйтүү маселеси Өкмөттүн кароосуна коюлуп, азыр сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын билдирди.

“Ал эми китеп фондун жыл сайын өлкө аймагы боюнча өткөрүлгөн “Бир адамдан – бир китеп” долбоорунун алкагында жана айрым мыкты авторлор, чыгармачыл бирликтер, басмалар менен иштешүү аркылуу чечүү аракети жасалууда”, — деп кошумчалады ал.

Улуттук китепканалар республикалык , калган китепканалар жергиликтүү бюджеттен каржыланат.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>