Парламенттик шайлоону жылдыруу боюна мыйзам долбоору колдоо тапты

Парламенттик шайлоону жылдыруу боюна мыйзам долбоору колдоо тапты

Конституцияга өзгөртүү киргизүү, парламенттик кайра шайлоону токтото туруу жөнүндө мыйзам долбоору Жогорку Кеңеш тарабынан үч окууда кабыл алынды.

Аталган мыйзам долбоорун парламент депутаттары Акылбек Жапаров, Талант Мамытов, Канатбек Исаев, Өмүрбек Текебаев, Иса Өмүркулов, Алтынбек Сулайманов, Жыргалбек Турускулов, Нурбек Алимбеков жана Өмүрбек Бакиров иштеп чыккан.

Жыйынтыгында 83 депутат мыйзам долбоорду бир добуштан колдоп, бир дагы каршы добуш берилген жок.

Мыйзам долбоорун алып чыккан Акылбек Жапаров өлкөдөгү бюджеттин тартыштыгын жана  пандемиянын экинчи толкунун жүйө келтирип, шайлоону кийинкиге калтыруу зарылдыгы жаралыганын айтты.

Жаңы кабыл алынган мыйзамга ылайык, Баш мыйзамга киргизиле турган өзгөртүүлөр 2021-жылдын 10-январына чейин аякташы керек, ал эми  Жогорку Кеңешке кайра шайлоо 2021-жылдын 1-июнуна чейин өкөрүлүүгө тийиш.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>