Бишкектин Ленин району боюнча шайлоочулардын тизмеси такталды

Бишкектин Ленин району боюнча шайлоочулардын тизмеси такталды

Бишкектин Ленин округу боюнча шайлоочулардын тизмеси такталды. Ага ылайык, 28-майда 124 миң 671 шайлоочу добуш бере алат.

БШКнын маалыматына караганда, жарандар өздөрүнүн тизмеде бар-жоктугун «Тизме» мамлекеттик порталынан текшере алат. Андан өзүн таба албагандар аймактык шайлоо комиссиясына кайрылышы керек.

Ленин району боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына 32 талапкер ат салышууда.

Эскерте кетсек, быйыл 28-майда Бишкектин Ленин райондук шайлоо аймагы боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына шайлоо өтөт. Бул шайлоо Жаныбек Абиров мандатын тапшыргандан кийин өткөрүлмөкчү. 27-мартта Абиров мушташтын айынан мандатын тапшырууну чечкенин билдирген. Ал эми Борбордук шайлоо комиссиясы анын арызын кабыл алып, аны мандатынан ажыраткан.

Кайра шайлоо өткөрүүгө 18 млн сом жумшалат.

ЖК депутаттыгына 32 талапкер ат салышууда. Алар кимдер?

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>