Парламенттин жаңы депутаттары жыйынды жарым саат кечигип башташты

Парламенттин жаңы депутаттары жыйынды жарым саат кечигип башташты

Бүгүн, 29-декабрда Жогорку Кеңештин VII чакырылышынын жаңы депутаттары саат 11.00гө дайындалган алгачкы жыйынды 11.30да башташты.

VII чакырылышка шайланып келген депутаттардын ант берүү аземи дагы өтөт. Ошондой эле спикер шайланат.

Белгилей кетсек, 28-ноябрда Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо болду, анда 5 пайыздык босого чектен алты партия өттү. Алар: “Ата Журт – Кыргызстан”, “Ишеним”, “Ынтымак”, “Альянс”, “Ыйман нуру”, “Бүтүн Кыргызстан”. Бул чакырылышта 120 эмес, 90 депутат болот, алардын 54ү партиялык тизме менен, 36сы бир мандаттуу округдан шайланып келишти.

Бүгүнкү күндөн тартып VI чакырылыш ишин расмий токтотту.

Ал эми президент Садыр Жапаров бүгүн парламенттин VI чакырылышынын депутаттары менен саат 18.00дө «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында жолугат. Бул тууралуу маалымат каражаттары жазышууда.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>