Депутат: 25 жыл иштеген мугалим 5 миң, соттор 100 миң сом пенсия алат

Депутат: 25 жыл иштеген мугалим 5 миң, соттор 100 миң сом пенсия алат

Кыргызстанда 25 жыл сот болуп иштегендер 100 миң сом пенсия алат. Бул тууралуу бүгүн, 8-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Жеңишбек Токторбаев билдирди.

Отурумда Социалдык фонддун 2021-жыл үчүн бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчету угулду. Ошондой эле, «Социалдык фонддун быйылкы жылга карата бюджетине өзгөртүүлөрдү киргизүү жана 2023-жылга бюджети жана 2024–2025-жылдарга болжолу жөнүндө» мыйзам долбоорлору каралды.

Жыйында депутат Токторбаев аталган фонддун төрагасы Бактияр Алиевден 25 жыл иштеген мугалим менен сот канча пенсия аларын сурады.

«Айлыгына жараша болот. Соттордун коэффициенти көбүрөөк болот. Орточосун айта албайм. Муну сизге өзүнчө эсептеп берейин, азыр эсептеп бере албайм»,  — деди ал.

Андан кийин депутат сөзүн улады.

«Сиздин жооп бере албаганыңыздын себебин билем. Бул жерде абдан чоң айрыма бар. 25 жыл мугалим болуп иштеген кембагал 5 миң сом пенсия алат. Өмүр бою элди тоногон сот 100 миң сом пенсия алат. Бул боюнча министрлер кабинетине кайрылыш керек болчу. Сот катары 15-20 жыл иштегендер 1,5 эсе, 20-25 жыл иштегендер 2 эсе, ал эми 25 жылдан ашык иштегендер 2,5 эсе үстөк акча алат экен. Бизде соттор ушунча таза, гумандуу, адилеттүү болуп кеттиби?!», — деди ал.

Депутаттын айтымында, эгер 15 жыл иштеген соттун маянасы 40 миң болсо, кийин 60 миң сом пенсия аларын, ал эми 25 жыл иштесе, 100 миң пенсия аларын айтып, бул адилетсиздик экенин белгиледи.

Бактияр Алиев «Аскер кызматкерлерин пенсия менен камсыз кылуу жөнүндө» мыйзам боюнча Социалдык фонд соттордун пенсиялык саясатын жүргүзбөй турганын белгиледи.

«Аскер кызматкерлерин пенсия менен камсыз кылуу жөнүндө» деген мыйзам бар. Соттор ошонун негизинде пенсия алышат. Ал мыйзам боюнча Социалдык фонд иштебейт. Ал мыйзамга кирген ведомстволор өз алдынча иштейт. Бул боюнча карап, сунуш да бере албайбыз. Пайыздар боюнча, мыйзамдардын бардыгы Жогорку Кеңештен өтөт. Бизге кандай мыйзам түшсө, ошонун негизинде иштейбиз», — деди ал.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>