Борбордук Азия өлкөлөрүнүн жана Азербайжандын лидерлери Чолпон-Ата декларациясына кол коюштуИИМ жашыруун баңгизат лабораториясынын ишмердүүлүгүнө бөгөт койдуАзербайжандын президенти Садыр Жапаровго Гейдар Алиев орденин тапшырдыБорбордук Азия жана Азербайжан өлкө башчылары Чолпон-Ата декларациясына кол коюштуБУУ: 300 миңден ашуун адам кибералдамчылыкка мажбурлануудаЭмомали Рахмон Борбордук Азия өлкөлөрүнө биргелешип ири мунай иштетүүчү завод курууну сунуштады
Пенсия тутумунда үч адилетсиз жагдай. Адистен жооп
31.01.2022 | 15:16
Пенсиялык тутумда канча адилетсиз саясат бар? Бул суроону Жогорку Кеңештин депутаты Шарапаткан Мажитова Соцфонддун төрага орун басары Теңизбек Абжапаровго берди.
Ал, адилетсиздик катары 3 негизги принципке токтолду:
- Ким канчалык камсыздандырууну көп төлөсө, ошончолук пенсияны алат. Аялдар 58ге, эркектер 63кө чыкканда пенсияга чыгат. Пенсияга чыгуу үчүн эркектер 25 жыл, аялдар үчүн 20 жыл эмгек тажрыйбасы керек. Ошондо толук кандуу пенсияга чыга алат. Эгерде эмгек тажрыйбалары жетпей калса, толук кандуу пенсияга чыкпайт. Бул бир.
- Экинчиси. Аз пенсия алгандарга аз пенсия беришибиз керек эле камсыздандыруу принциби боюнча, 2020-жылы эң аз, жашоо минимумунан төмөн алган пенсионерлерге 109 пайызга көбөйттүк. 10 миң сомдон ашык алгандарга 105 пайызга көбөйттүк. Аз алгандардыкын 109 пайызга көбөйтүп жатабыз. Иштебесең дагы пенсияң көбөйөт дегенибиз – бул да кемчилик.
- Үчүнчү. Аскер кызматкерлердин пенсиясы эмнеге көп, жарандардыкы аз деп калышат… Аскер кызматкерлери 20 жыл иштеп эле пенсияга чыгат, ал эми жарандар 40 жыл иштеп пенсияга чыгат деп нааразы болгондор бар. Аскер кызматкеринин пенсиясы башка мыйзам менен каралат. Бул саясатты Коргоо министрлиги жүргүзөт.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар