Канат Жумагазиев президенттин Чүйдөгү өкүлү болуп дайындалды

Канат Жумагазиев президенттин Чүйдөгү өкүлү болуп дайындалды

Канат Жумагазиев президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды, деп билдирет өлкө башчынын маалымат кызматы.

Маалыматка караганда, тиешелүү жарлыкка Садыр Жапаров кол койду.

“Конституциянын 71-беренесине ылайык, Жумагазиев Канат Сагынович президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды”, — деп айтылат маалыматта.

Жаңы жетекчини аймактын активине Президенттин Администрациясынын президенттин жана Министрлер кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын начальниги Айбек Джунушалиев тааныштырды.

Канат Жумагазиев 2021-2022-жылдары — Ысык-Көл жана Нарын облустарынын ички иштер башкармалыгынын начальниги болуп иштеген.

Буга чейин президент Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Нурил Алымбаевди жана Сокулук районунун акими Курбанбек Айтибаевди кызматтан алууну тапшырганы маалымдалган. 

Президент Чүйдөгү өкүлүн, Сокулуктун акимин иштен алууну тапшырды

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>