Президент документи жок 105 үйдү мыйзамдаштырууга кол койду

Президент документи жок 105 үйдү мыйзамдаштырууга кол койду

Президент Садыр Жапаров «Жер-укуктук мамилелерди жөнгө салуу жөнүндө» мыйзамга кол койду. Бул тууралуу президенттик администрациянын басма сөз кызматы билдирди.

Мыйзамдын максаты жер участокторуна мунапыс берүүнүн укуктук негиздерин, шарттарын жана тартибин аныктоо болуп саналат.

«Бул Мыйзам ушул Мыйзамда каралган жер мунапысынын объектилерине болгон жарандардын менчик укуктарын мамлекет тарабынан бекитүү боюнча жер мунапысын жүргүзүүнү жөнгө салат»,- деп айтылат маалыматта.

Айта кетсек, аталган мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 17-мартта кабыл алынган. Ага ылайык, мыйзамсыз курулуштар түшүрүлгөн 30 миң гектар жер мыйзамдаштырылат. Мунапыска Кыргызстан боюнча 105 миң турак жай жана 16 миң курулушу бүтө элек үй (фундамент) кирген. Анын ичинен Бишкек шаарынын 44 конушунда жалпы 6 миң 382 үй бар.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>