Бишкекте оңдолгон имараттардын фасадын өз алдынча өзгөртүүгө тыюу салындыУлуттук банк эсептик ченди 12% деңгээлинде сактады: инфляция 10,8%га чейин төмөндөдү«Кумтөрдүн» тогуз айдагы кирешеси 1 млрд доллардан ашып, таза пайдасы 548 млн долларды түздүРухий-Мурас, Тунгуч, Кырман: Бишкектин бир катар конуштарында 28-октябрда суу өчүрүлөт27-октябрда өлкөдө жаан-чачын күтүлбөйтКыргызстандык дзюдочу Фадиль Исмагомбетов Душанбедеги эл аралык турнирде коло утту
Депутаттыкка талапкер Бердибек Чынтемировдун кылмыш ишин прокуратура карайт
22.12.2021 | 16:51
Чүй облустук прокуратурасы Лебединовка айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы Бердибек Чынтемировдун үстүнөн козголгон эки кылмыш ишин тергеп жатат.
Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы Reporter.kg’ге кылмыш иши алдамчылык жана документтерди жасалмалоо беренелери боюнча козголгонун билдирди.
Иш боюнча тергөө амалдары жүрүп жатат.
Буга чейин кылмыш ишин бир гана алдамчылык фактысы боюнча Аламүдүн РИИБи тергеген.
Чынтемиров дагы Аламүдүн районунан депутаттыкка талапкер болгон.
Буга чейин Reporter.kg сайтынын редакциясына бир катар жарандар кайрылып, Чынтемиров жасалма документтерди, анын ичинде паспорттук маалыматтарын жасап, алардын жер тилкелерин өзүнүн туугандарына жазып бергенин билдиришкен.