Президент Глазгого жеке учак менен барганын бийлик тастыктады

01.11.2021 | 17:37

Президент Садыр Жапаров Шотландиянын Глазго шаарында өтүп жаткан саммитке жеке учак менен кеткенин өлкө башчынын администрациясынан тастыкташты.

Маалыматка караганда, Президентке тиешелүү ТУ-154 учагы Түндүк Ирландия жана Улуу Британиянын атайын талаптарына жооп берилбестиги айтылып, жеке учак менен баруусу чечилген.

Айрым маалыматтарга караганда, “Манас” аэропортунан Embraer Lineage 1000 Дубай компаниясынын бизнес-класстагы учагы менен жыйынга жөнөгөн. Айрым ачык булактарда бул учактын ижара акысы саатына 12 миң Евро турат.

[image_carousel source=”media: 106858,106857,106855,106856,106854,106853,106852,106851,106850,106849,106848″ limit=”20″ slides_style=”photo” controls_style=”dark” crop=”none” columns=”1″ adaptive=”yes” spacing=”yes” align=”none” max_width=”none” captions=”no” arrows=”yes” dots=”yes” link=”none” target=”blank” autoplay=”4″ speed=”medium” image_size=”large” outline=”yes” random=”yes”]

Кыргызстандын бийлик башчыларын ташыган “ТУ-154” учагы 1993-жылы чыгарылган. Айрым маалыматтарда айтылгандай, Жапаров жакында жаңы учак сатып алат.

Глазгодогу конференция климат боюнча эң масштабдуу иш-чара болуп саналат.

Scroll to Top