Президент каржы министринин орун басарына эскертүү берди — видео

Президент каржы министринин орун басарына эскертүү берди — видео

Президент Садыр Жапаров акыркы эки жылда алынган тышкы карыз тууралуу так эмес маалымат берген каржы министринин орун басары Руслан Татиковго эскертүү берди.

Бүгүн, 28-декабрда Министрлер кабинетинин жыйынтыктоочу жыйынында Жапаров Руслан Татиковго кайрылып, эмне үчүн депутаттарга сырттан алынган карыз тууралуу туура эмес маалымат бергенин сурады.

«Өткөндө Жогорку Кеңешке бардыңыз, депутаттар акыркы эки жылда сырттан алынган карыз тууралуу сураса «7 млрд доллар», жалпы карыз канча десе «11 млрд доллар» деп жооп бердиңиз. Бул сандарды каяктан алдыңыз?», — деди ал.

Татиков депутаттын суроосун туура эмес түшүнүп алганын, 1992-жылдан бери алынган тышкы карыз тууралуу айтканын билдирди.

Жапаров каржы министри суроону түшүнбөй калса, кайра тактап сурашы керектигин белгилеп, бүгүнкү күнү тышкы карыз канчаны түзөрүн тактады.

«Бүгүнкү күнү тышкы карыз 4,2 млрд долларды түзөт», — деди Татиков.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>