Жапаров мыкты жана эң начар иштеген министрликтерди атады

Жапаров мыкты жана эң начар иштеген министрликтерди атады

Бүгүн, 28-декабрда Министрлер кабинетинин жыйынтыктоочу жыйынында Акылбек Жапаров министрликтердин жана ведомстволордун ишинине мониторингдин жана натыйжалуулугуна баа берүүнүн жыйынтыгын айтты.

Анын айтымында, тогуз министрликтин ишине “беш” деген баа берилди.

“Мындай ыкма үстүбүздөгү жылдын декабрь айынын башында Швейцарияда өткөн стратегиялык документтерге мониторинг жүргүзүү боюнча аналитиктердин эл аралык форумунда сунушталган жана стратегияларды сапаттуу ишке ашыруунун деңгээлин жана ага мамлекеттик органдардын катышуусун жөнөкөйлөтүлгөн түрдө аныктоого мүмкүндүк берет”, — деди Акылбек Жапаров.

Талдоонун жыйынтыгы боюнча “мыкты”, “жакшы”, “үч” жана “эки” деген баалар менен аныкталганын кошумчалады.

Ошентип, «беш» деген баага татыган министрликтер:

— Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги;

— Өзгөчө кырдаалдар министрлиги;

— Тышкы иштер министрлиги;

— Ички иштер министрлиги;

— Коргоо министрлиги;

— Юстиция министрлиги;

— Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттик;

— Социалдык фонд;

— Улуттук статистикалык комитет.

«Жакшы» же «4» деген баага татыгандар:

— Экономика жана соода министрлиги;

— Каржы министрлиги;

— Саламаттыкты сактоо министрлиги;

— Айыл чарба министрлиги;

— Билим берүү жана илим министрлиги;

— Санариптик өнүктүрүү министрлиги;

— Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги;

— Транспорт жана коммуникациялар министрлиги;

— Бишкек шаарынын мэриясы;

— Ош шаарынын мэриясы;

— Президенттин Чүй облусундагы өкүлү;

— Президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлү;

— Президенттин Ош облусундагы өкүлү;

— Президенттин Ысык-Көл облусундагы өкүлү;

— Президенттин Баткен облусундагы өкүлү;

— Президенттин Нарын облусундагы өкүлү;

— Президенттин Талас облусундагы өкүлү;

— Улуттук банктын төрагасы;

— Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттиги.

«3» деген баага татыгандар:

— Энергетика министрлиги;

— Инвестициялар боюнча мамлекеттик агенттик;

— Мамкурулуш.

Жапаровдун айтымында, бир гана орган – Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги “2” деген баа алды.

Ал биринчи баа 2022-жылдын биринчи жарымында жүргүзүлүп, натыйжада бир катар кемчиликтер орун алганын кошумчалады жана мамлекеттик органдардын ишинин натыйжалуулугу аныкталгандарга тиешелүү эскертүүлөр берилди.

“Эл бизден көрүнүктүү натыйжаларды күтүүдө, анткени тармактык саясатты жана реформаларды ийгиликтүү ишке ашыруу үчүн зарыл болгон каржы ресурстары бөлүнгөн, бардык бюджеттик кызматкерлердин эмгек акысы болуп көрбөгөндөй көбөйтүлгөн жана кадрларды тандоо процессине эч ким кийлигишпейт. Болгону иштөө жана өзүнүн түздөн-түз функционалдык милдеттерин так аткаруу гана калды”, — деди Жапаров.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>