Президент кыргыз футболу качан дүйнөлүк деңгээлге чыгарын айтты

Президент кыргыз футболу качан дүйнөлүк деңгээлге чыгарын айтты

Жалал-Абад шаарында ачылган “Барселона” клубунун филиалы 10-15 жылдан кийин жыйынтык көрсөтөт. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров кезектеги маегинде билдирди.

Ал клубтун оюнчулары дүйнөлүк деңгээлде ойноп, кийин улуттук кураманы машыктырарын белгилейт.

“Азырынча, биз сырттан машыктыруучу алып келгенге мажбурбуз. Кудай буюрса, “Барселона” клубунун филиалы ачылып жатпайбы. Клуб өз жемишин 10-15 жылда бере баштайт. Бул клубду бүтүп чыккан балдарыбыз дүйнөлүк деңгээлде ойной башташат. Кийин бара-бара машыктыруучулук деңгээлге жетишет. Ошондо анан өзүбүздөн машыктыруучулар чыгат”, — дейт ал.

Садыр Жапаров футбол күйөрмандарын сабырдуулукка чакырды.

“Үмүт үзбөшүбүз керек. Көк бөрү деле командалык оюн да. Келечекте футбол боюнча Кыргызстан бүгүнкү күндө күрөштө кандай жыйынтык көрсөтүп жаткан болсо, дал ошондой жыйынтык көрсөткөн деңгээлге жетет деп ишенели. Сабыр кылып тургула”, — дейт ал.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>