Садыр Жапаров Ташиевге Футбол биримдигин жетектөөнү сунуштады

Садыр Жапаров Ташиевге Футбол биримдигин жетектөөнү сунуштады

Садыр Жапаров Камчыбек Ташиевге Кыргызстандын Футбол биримдигин жетектөөнү сунуштады. Бул тууралуу бүгүн президент кезектеги маегинде билдирди.

Өлкө башчысы курама команданын Азия Кубогундагы оюнуна пикирин билдирди. Ал футболду каржылоо көбөйүп жатканын, 2024-жылы 5 миллион доллар акча бөлүнөрүн белгилейт.

 “Кыскасын айтсам, жыйынтыгын, жок дегенде, үч-төрт жылдан кийин күтөлү да. Анын үстүнө Кыргыз футбол союзунун башында катуу көзөмөл кылган бирөө турбаса, жыйынтык чыгышы кыйын. Эң негизгиси, футболчулардын машыгуусуна кылдат көңүл буруш керек”, — дейт Садыр Жапаров.

Ал бул тармакты тартипке салуу үчүн Камчыбек Ташиевге федерацияны жетектөөнү сунуштаганын айтты.

“Кечээ Камчыбек Кыдыршаевичке: “Кыргыз футбол федерациясынын башына өзүң барчы” — деп сунуш кылдым.

Белгилей кетсек, “Ак шумкарлар” Азия кубогунда бир гана упай алып, кийинки баскычка өтпөй калгандан кийин Кыргыз футбол биримдигинин аткаруу комитети жана президентти Медербек Сыдыков отставкага кетти.

Биримдиктин аткаруу комитетин жана президенттин шайлоо 19-февралда өтөт.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>