Президент кыргызстандыктарды Карылар күнү менен куттуктады

Президент кыргызстандыктарды Карылар күнү менен куттуктады

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 1-октябрь – Карылардын эл аралык күнү менен кыргызстандыктарды куттуктады. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Президенттин куттуктоо сөзү:

«Урматтуу аксакалдуу аталар, ак элечек энелер! Кымбаттуу кадырман карылар!

«Улууга урмат – кичүүгө ызаат» деп нарк билги кыргыз эли эзелтеден эле эки сөз менен улуу-кичүүнүн ордун таасын белгилеп коюшкан экен.

Ата салтын, баба наркын улаган улам кийинки муун турмуш сыноосунан өтүп, жашоонун тажрыйбасына тунган аталар менен апаларга сый-урматынан жазбоонун далалатында. Чындыгында эле көкүрөгүндө ата-баба наркы бекем орногон ар бир кыргыз жараны улуулардын алдын кесе өтпөй, ыйбаа кылат, саламын берип, ал-абалын сурайт.

Улуу муун өкүлдөрү үчүн мамлекет тарабынан татыктуу жашоо шартын түзүү, алардын коомдун жашоосуна жигердүү катышуусун камсыздоо аракети ар дайым жүргүзүлүп келет. Улгайган жарандарыбызды социалдык жактан коргоону камсыздоо үчүн пенсия өлчөмдөрүнө жыл сайын индексация жүргүзүлүүдө. Соңку эки жылда пенсия олуттуу түрдө жогорулады. Өткөн жылы 33%га көбөйтүлгөн болсо, быйыл 30 миң сомго чейинки пенсиянын камсыздандыруу бөлүгү 38 %га көтөрүлдү. Ошондой эле өткөн жылы социалдык жөлөкпулдун өлчөмү 100 % жогорулаган эле.

Мамлекеттик саясаттын негизги багыттары — Туруктуу өнүгүү максаттарын эске алуу менен адамды, анын ичинде улуу муундун өкүлдөрүн өнүктүрүү. Ал эми «Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө» алгачкы жарлыктын алкагында адеп-ахлактык, маданий мурастарды жайылтуу, нарк-насилибиздин негизинде үй-бүлөлүк баалуулуктарды сактоо, көкүрөгүнө нарк-насилди уюткан кадырман карыларыбызга кам көрүү жаатында иш-аракеттер байма-бай жүрүп жатат.

Кылымдардын кыйырынан бери тажрыйбаланып, мезгил сыноосунан өткөн салт-санаа, үрп-адаттарды уул-кыздарына, небере-чөбөрөлөрүнө аярлап сактап, үйрөтүп, өткөрүп берүү менен алектенген аталар, апалар, баарыңыздарды Карылардын эл аралык күнү менен дагы бир жолу куттуктайм!

Көптү көрүп, көсөм болгон аксакалдуу аталарыбыздын, ак саамайлуу энелерибиздин акыл сөздөрү, нуска кептери арбын айтылып, кийинки муун улуулардын бата-тилектерин алып, келечекке аттанган улуу салтыбыз түбөлүк жашай берсин.

Элибизде «Карысы бардын – ырысы бар» деп айтылат эмеспи, Кыргызстандын ырысы эч качан кемибесин!

Ар бир үйдүн куту, төрүбүздүн көркү болуп жүрө бериңиздер, бар болуңуздар, кадырман карыларым!».

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>