Видео: Мурдагы күйөөсү кулагы-мурдун кесип салган аял кыргызстандыктарга кайрылды

Видео: Мурдагы күйөөсү кулагы-мурдун кесип салган аял кыргызстандыктарга кайрылды

Чүй облусунун Селекция айылында мурдагы күйөөсү кулагын жана мурдун кесип салып, ооруканага түшкөн аял кыргызстандыктарга кайрылды.

Ал кайрылуусунда мурдагы күйөөсү боюнча укук коргоо органдарына бир нече жолу кайрылганы менен эч ким чара көрбөгөнүн айтып, тиешелүү адамдардын жоопко тартылышын суранууда.

«Мен Кыргызстанга келген күндөн баштап бул зөөкүр менин жанымды бир күн да (тынч – ред.) койгон жок. Менин кайрылбаган жерим калган жок. Канча арыз жаздым, укук коргоо органдарына канча кайрылдым. Менин укугум корголгон жок. Менин үнүм эч кимге жеткен жок», — деди ал.

Эскерте кетсек, 20-сентябрда Селекцияда эркек киши мурдагы аялын сабап, кулагын жана мурдун кесип салган. Шектүү катары 39 жаштагы Э.А. аттуу жаран кармалган.

Жабыркаган аял ооруканага түшкөн. Улуттук госпиталда ага операция жасалып, ал 8 саатка созулган.

Бул окуядан кийин, аталган жаран мурдагы аялын зордуктаганы үчүн Сокулук райондук соту тарабынан 5 жылга абакка кесилгени, ошол эле учурда сот ага пробация колдонуп, эркиндигинен ажыратуу жазасынан бошотуп жибергени белгилүү болгон. Жабыркаган аял райондук соттун чечими менен макул болбой, Чүй облустук сотуна апелляциялык арыз менен кайрылган. Соттук отурум 27-сентябрга белгиленген.

Жогорку сот аталган иш Чүй облустук сотунда каралгандан кийин айыпталуучуну пробацияга чыгарган соттун аракеттерине тиешелүү баа берилерин билдирген.

Белгилей кетсек, соттун пробация тууралуу өкүмү коомчулук тарабынан сынга алынып, мындай чечим чыгарган сотко чара көрүүнү талап кылышкан.

27-сентябрда облустук сот зордуктоо боюнча ишти карап, айыпталуучуну 8 жылга эркинен ажыратты.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>