Бишкекте аялдамада турган кызды тоноп кетишти

Бишкекте аялдамада турган кызды тоноп кетишти

Бишкекте тонооого шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу Ленин райондук милициясынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 6-июнда милицияга М.К. аттуу жаран (кыз киши) кайрылган. Ал билдиргендей, ошол эле күнү саат 20:30дар чамасында Манас менен Токтогул көчөсүнүн кесилишиндеги аялдамада белгисиз адамдар 70 миң сомдук iPhone 11 телефонун күч колдонуп тартып алган.

Бул фактыга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 206-беренеси (тоноо) боюнча кылмыш иши козголгон.

Милиция шектүү катары 30 жаштагы А.Т. жана 24 жаштагы К.Т. аттуу жарандарды кармады. Райондук соттун чечими менен А.Т. аттуу шектүү бир айга камакка алынган. Ал эми, экинчи шектүү үй камагына чыгарылган.

Милициядан билдиришкендей, шектүүлөрдүн биринен тонолгон телефон табылып, ээсине кайтарылган.

Учурда иликтөө иштери уланууда.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>