Президент Жапаров: Электр энергиянын баасы көтөрүлөт

Президент Жапаров: Электр энергиянын баасы көтөрүлөт

Президент Садыр Жапаров «Фейсбуктагы» баракчасы аркылуу энергетика тармагындагы абал боюнча элге кайрылуу жасады.

Ал кайрылуусунда энергетика тармагындагы кырдаал (жабдыктардын эскериши, карыздар, ГЭСтердин курулушу ж.б.), өлкөдөгү электр энергия эмне себептен маал-маалы менен өчүрүлүп жатканы тууралуу сөз кылган.

Сөз аягында президент энергетика тармагындагы абалга байланыштуу электр энергиясынын тарифин көтөрүү керектигин жазган.

«Ушул жылдын май айынан баштап, электр энергиясына болгон тарифти 0,77 тыйындан 1 сомго көтөрөбүз. Антпесек энергетика тармагыбызды биротоло жоготуп алуу коркунучу бар.

Себеби бүгүнкү күндө өзүбүздөн өндүрүлгөн электр энергиянын өздүк наркы Токтогулда чыккан жерден 21 тыйын болгону менен, энергетиктердин эмгек акысы, эскилиги жеткен трансформаторлорду, зымдарды, мамычаларды алмаштыруулар кошулуп отуруп 1 кВт саат электр энергиянын өздүк баасы 2 сом 38 тыйынды түзөт», — деп жазды ал.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>