Кыргызстанда курулуш тармагына насыя берүү 3,5 эсеге өстүКеректөө насыялары банктардын сегиз айдагы насыяларынын 45%ын түздүБишкекте мамкызматкерлерди медициналык текшерүүдөн өткөрүү боюнча пилоттук долбоор башталдыКыргызстандын банктары сегиз айда 381 млрд сомдук насыя бериштиУлуттук филармонияда «Сүймөнкул» мюзикли кайрадан коюлатЕвробиримдик Кыргызстанга билим берүү реформаларын колдоо үчүн дээрлик 600 млн сом бөлдү
Жапаров: Бишкекте биринчи күнү так сандуу унаалар гана жүрүшү керек
21.01.2023 | 12:15
Келерки кыштан тарта Бишкекте дүйшөмбү күнү так сандуу унаалар гана жүрүшү керек. Бул тууралуу Министрер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, 20-январда, республикалык кеңешмеде ыш маселеси тууралуу айтып жатып билдирди.
Жыйында Жапаров Бишкек аркылуу транзит менен жүргөн унаалар шаарды айланып өтүшү керектигин айтты.
“Эмки кыштан баштап, биринчи күнү так сандуу унаалар гана жүрсүн. ИИМ, Транспорт министрлиги, мэрия Бишкектин тургундарынын канча унаасы бар экенин тактап, аныктап чыккалы. Бөлөк жактан келген унаалар үчүн шаардын кире беришине “ловушкаларды” койгула. 1,5 миң автобус алсак, шаардын кире беришине унааларын токтотуп, шаарга автобус менен кириш керек. Канча киши шаарга келсе, ар бири бирден унаа айдап келет”, – деди ал.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом