Президент Жапаров Түркияга учуп кетти. Коштоп кеткендердин тизмеси

Президент Жапаров Түркияга учуп кетти. Коштоп кеткендердин тизмеси

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 15-мартта, Анкара шаарына (Түркия) Түрк мамлекеттеринин уюмуна мүчө мамлекеттердин өлкө башчыларынын кезексиз саммитине катышуу үчүн иш сапары менен учуп кетти. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Уюмдун мамлекет башчыларынын кезексиз жыйынынын темасы – «Кырсыктарды башкаруу жана гуманитардык жардам».

Сапардын алкагында Жапаров Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган менен жолугушуусу да пландалып, анын жүрүшүндө эки тараптуу алака талкууланат.

Кыргызстандын расмий делегациясынын курамы:

– тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев;

– Президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев;

– Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Руслан Казакбаев;

– өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев;

– экономика жана коммерция министринин орун басары Канатбек Абдырахманов.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>