Жапырт камалгандар боюнча депутаттык комиссия түзүлдү

Жапырт камалгандар боюнча депутаттык комиссия түзүлдү

Бүгүн, 29-декабрдагы Жогорку Кеңешинин жыйынында КРнын Конституциясынын, конституциялык мыйзамдарынын, адамдын жана жарандын укуктарынын, эркиндиктеринин кепилдиктери одоно түрдө бузулушу боюнча депутаттык комиссия түзүү маселеси каралды.

Аталган сунушту “Бүтүн Кыргызстан” фракциясы демилгелеген.

Жыйынтыгында комиссияга Гуля Кожокулова (“Бүтүн Кыргызстан”), Чыңгыз Ажибаев (“Элдик”), Айбек Осмонов (“Мекенчил”), Динара Ашимова (“Ыйман Нуру”), Шайлообек Атазов (“Ата-Журт Кыргызстан”), Жылдыз Таалайбек кызы (“Ишеним”), Чыңгыз Айдарбеков (“Альянс”) кирди.

Эскерте кетсек, 22-октябрда Кемпир-Абад суу сактагычын коргоо комитети түзүлгөн. Анын курамына активисттер, саясатчылар жана депутаттар кирген. 23-октябрда массалык тинтүү иштери башталып, 20дан ашык адам кармалып, алар 48 саатка камалган.

24-октябрда Бишкек шаарында Кемпир-Абад суу сактагычынын астындагы жердин Өзбекстанга берилишине жана активист, саясатчылардын камалышына каршы жөө жүрүш өткөн. 25-октябрда Биринчи май райондук соту тарабынан алар эки айга камакка алынып, кийинчерээк 20-февралга чейин камакта калтырылган.

Активист жана саясатчылардын камалышы боюнча ИИМ түшүндүрмө берип, Кылмыш-жаза кодексинин 36-278-беренеси «Массалык баш аламандыктарды уюштурууга даярдануу» менен козголгон кылмыш иши боюнча тергөө амалдары жүргүзүлүп жатканын билдирген.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>