Президенттен Ноорузга карата комуз сураган кыз белегин алды

Президенттен Ноорузга карата комуз сураган кыз белегин алды

Президенттен Ноорузга карата комуз сураган кыз белегин алды. Бул тууралуу мамлекет башчынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Сокулук музыкалык мектебинин 3-класстагы окуучусу Адинай Жумакадырова Нооруз майрамынын урматына президент Садыр Жапаровго кат жолдоп, улуттук музыкалык аспап белек кылууну суранган. Жазган катында ал өрүк комуз каалаарын белгилеген.

Бүгүн, 20-апрелде, президенттин аппаратынын гуманитардык өнүктүрүүгө мониторинг жүргүзүү жана жарандык коомдун институттары менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн башчысы Кудайберген Базарбаев Адинайдын өтүнүчүн аткарып, Президенттин атынан ага комуз белек кылды.

Кудайберген Базарбаев аталган музыкалык аспапты тапшырып жатып, Президент Садыр Жапаров балдар маселесине ар дайым көңүл буруп, жаш муундардын ар тараптуу өнүгүүсүн артыкчылыктуу багыт катары эсептээрин белгиледи.

«Адинайдын жолдогон каты дарегине жетти. Балдардын кыялдары орундалат. Негизгиси кыялдана билип, алдыга милдеттерди коё билүү керек. Бүгүн биз Садыр Жапаровдун атынан улуттук музыкалык аспапты — комузду Адинайга белекке тапшырып жатканыбызга кубанычтабыз. Каттагы өтүнүчү менен ал өрүктөн жасалган. Мамлекет башчысы Адинай мыкты музыкант болуп, ар кандай эл аралык конкурстарда өлкөнүн атынан чыгат деген чоң үмүтүн билдирди», — деди Базарбаев.

Ал эми жаш музыканттын апасы Асел Асаналиева Президентке кат жазуу кыздын жеке идеясы экенин айтты.

«Ал бала кезинен эле музыкага, комузга өзгөчө жакын. Ар дайым өзүмдүн комузум болсо деп кыялданчу. Кыялын ишке ашырууга аракеттенип, өзү каалаган аспапты Президенттен суроону чечти. Көп өтпөй эле Президент комуз белекке берери жөнүндө кабарлашты», — дейт Асел Асаналиева.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>